Абактагы оппозициячылар жалпы элдик курултай өткөрүүгө чакырды
Жалпы элдик курултай өткөрүү сунушу жазылган кайрылууга камакта отурган оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Дастан Сарыгулов 3-ноябрда кол койгон.
Кат Кыргызстандагы бардык коомдук уюмдарга, жаштар кыймылдарына, жарандык коомго, саясий партияларга жана патриотторго жолдонуп, өлкөдө саясий күчтөрдүн тиреши азыркы нукта улана берсе, анын акыры жакшылык менен бүтпөй турганы белгиленген. Андан чыгуу үчүн жалпы улуттук курултайга чогулуп, абалды талкуулоого чакырык ташталган. Ошондой эле “башка мамлекеттердин эксперттери, жергиликтүү саясатчылар да Кыргызстанда мындай тирештен улам мамлекеттүүлүк жоголушу ыктымал деген божомолдорду айтып жатканы" да жазылган.
Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









