Орусия менен Түркия ИМ тобуна каршы биргелешкен аба соккуларын жасады
Орусия Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрүнө карата алгачкы жолу Түркия менен биргеликте аба соккуларын жасаганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун маалыматына караганда, ага Орусия аскердик аба күчтөрүнүн тогуз жана Түркиянын сегиз учагы катышты. Алар Алеппо провинциясындагы Аль-Баб шаарына 18-январда соккуларды жасаган. Түркия аскер башкармалыгы өлкө учактары Орусия менен биргеликте согуштук учууларды аткарганын ырастады.
Анкара менен Москванын алакасы 2015-жылы түрк-сирия чек арасында орусиялык учак атылып түшүрүлгөндөн кийин кескин начарлаган. Бирок акыркы кездери эки өлкө Сирия президенти Башар Асад менен куралдуу оппозициялык топтордун ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү координациялоо аракеттерин көрүп келишет. Орусия Асадды, Түркия анын режимин кулатууну көздөгөн көтөрүлүшчүлөрдү колдойт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









