Тажикстан армиясынын Башкы штабынын башчысы авариядан набыт болду
Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Зариф Шарифзода (Бобокалонов) Дүйшөмбүдө жол кырсыгынан кайтыш болду.
Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиевдин айтымында, кырсык 18-январь күнү кечинде Медгородок районунда болгон.
Маалыматка караганда, автоунааны Зариф Шарифзода өзү айдап бараткан. Ошол маалда анын жүрөгү токтоп калып, башка унаа менен сүзүшкөн. Генерал кырсык болгондо эле мерт кетип, жанындагы жүргүнчү оор жарааты менен ооруканага жеткирилген.
Генерал-майор Зариф Шарифзода (Бобокалонов) 46 жашта болчу. 2014-жылы Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы жана коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56









