АКШнын жаңы президенти кызматка киришти
21-январь күнү АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришти. Анда Трамп менен бирге шайланган вице-президент Майк Пенс дагы ант берли.
Иш-чарага кызматтан кетип жаткан президент Барак Обама жана вице президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты.
Андан сырткары АКШнын мурдагы президенттери Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жана анын президенттик шайлоодо Трамптын атаандашы болгон жубайы Хиллари Клинтон да чакырылган.
Ант берүү аземинин алдында Дональд Трамп Арлингтон көрүстөнүндөгү Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Вашингтондогу майрамдык концертке барды. «Биз Американы бириктирип, аны кайрадан бардыгы үчүн улуу мамлекет кылууну каалайбыз»,- деди Трамп концертте сүйлөп жатып.
Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шаар борборундагы сегиз чарчы метр аянтты 28 миң полициячы курчап, аны айланта тосмолор орнотулду.
Ал ортодо Кошмо штаттардын борборунда, ошондой эле Нью-Йорк жана башка шаарларында жаңы президентке каршы массалык нааразылык акциялары өткөрүлдү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









