Трамп каршылыгын билдиргендердин «укуктарын тааныйт»
АКШ президенти Дональд Трамп ага каршы Вашингтондогу «Аялдар жүрүшү» менен бирге көчөлөргө чыккан дүйнөдөгү жүз миңдеген адамдардын «укуктарын тааный турганын» билдирди.
"Тынчтык акциялары биздин демократиянын айырмаланып турган белгиси болуп эсептелет. Мен алар менен макул болбосом да, адамдардын өз көз караштарын айтууга болгон укуктарын тааныйм" – деп жазды Трамп 22-январда Твиттер баракчасына.
Бул Трамп АКШнын 45-президенти катары ант бергенден кийин Вашингтондо, Кошмо штаттардын жана дүйнөнүн башка шаарларында өткөн жүрүштөр тууралуу анын администрациясынын алгачкы билдирүүсү болду.
Түрдүү маалыматтар боюнча, аялдардын Вашингтондогу митингине Трамптын ант берүү аземине караганда көп адам чогулган.
Трамптыкына караганда Барак Обаманын биринчи инаугурациясына көбүрөөк адам катышканы тууралуу маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүн Акүйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер кескин сынга алды. Ал ММКларды чогулган адамдардын саны боюнча жалган маалымат берүүгө айыптады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









