Трамп Израилдин премьер-министрин Вашингтонго чакырды
АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге которуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Акүйдөн кабарлашкандай, 22-январда Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Израилдин премьер-министри Трамптын чакыруусун кабыл алып, февралда Вашингтонго келе турганын билдирди. Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү “өтө жылуу” маандайда өткөнүн баса белгиледи.
Дональд Трамп шайлоо кампаниясы маалында АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге которуу ниетин билдирген. Батыш басылмалары мындай кадам палестиналыктардын жана региондогу араб өлкөлөрүнүн кыжырдануусун жаратарын билдиришүүдө.
Иерусалим мэри Нир Баркат элчиликти жылдыруу боюнча Трамптын администрациясынын ниетин колдой турганын жарыялады. Иерусалимдин вице-мэри Меир Тургеман израиль радиосуна берген маегинде, мурдагы президент Барак Обаманын Чыгыш Иерусалимде жөөт кыштактарын чоңоюшуна каршы пикирине байланыштуу бул маселе мурда каралбаганын айтты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









