KELECHEK
rek

БУУнун укук комиссариаты Аскаровдун өкүмүнө тынчсызданууда

БУУнун укук комиссариаты Аскаровдун өкүмүнө тынчсызданууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариаты Аскаровдун сот өкүмүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргызстан сотунун саясий активист жана журналист Азимжан Аскаровду өмүрүнүн аягына чейин абакта калтыруу өкүмү терең тынчсыздануу жаратууда жана өлкөнүн сот системасында олуттуу кемчиликтер бар экенин айгинелейт" дейт Жогорку комиссар Зейд Раад Ал Хуссейн.

«Сот өкүмү БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Аскаров мыйзамсыз камакка алынганы, абакта ырайымсыз шартта кармалганы, кыйноолорго тушугуп, өзүн коргоого тиешелүү деңгээлде даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу чечимине карама-каршы келет" деп белгиледи ошондой эле Улуттар Уюмунун Жогорку комиссары.

БУУ өкүлү кайрадан Кыргызстанды Аскаровдун өкүмүн өзгөртүүгө чакырды.

Базар-Коргон райондук соту 66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин абакка кескен. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камакта отурат деген негизде аны бошотууну Кыргызстандан талап кылган эле. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда жаңы ачылган жагдайларды карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Натыйжада, ишти Чүй облустук соту кайрадан териштирип чыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53