KELECHEK
rek

Тажикстан ИИМ башчысы тартип сакчыларына тезинен арыктоону буюрду

Тажикстан ИИМ башчысы тартип сакчыларына тезинен арыктоону буюрду

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлерине тезинен арыктоого буйрук берди. Көрсөтмөнүн аткарылышын көзөмөлдөө милдети атайын комиссияга жүктөлдү

"Милиционер семирип баштаганда анын жумушка болгон жөндөмдүүлүгү азаят. Баардык кызматкерлер эл аралык таблицадагы жаш жана бойго шайкеш келиши керек. Азырынча айрымдары бул норманы сактабай жатат, муну менен күрөшүү керек",-деди министр.

Тажикстанда 2016-жылы декабрда ИИМ кызматкерлери атайын инструкция алышкан. Ага ылайык, бою 168-170 сантиметр болгондор 75 килограмм салмактан ашпоого тийиш. Бул көрсөтмөнү аткарбагандар жумуштан бошотулары эскертилген.

"Азырынча бизге эч ким так параметрлерди берген жок, бирок кызматкерлердин 50% ашууну беш-он килограммга арыктады", — деди күч түзүмдөгү өз булактардын бири.

Министр Рамазон Рахимзода спорт менен жигердүү машыгат, муну кол алдындагылардан дагы талап кылат. ИИМдин атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, аппарат жана башкармалыктын кызматкерлери эки айда жумасына бир жолу үч чакырым аралыкка чуркап, мекеменин бассейнинде сүзүшүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча жыйырма жаштан жогорку курактагы тажик эркектеринин – 31,2% жана аялдарынын – 30,5% ашыкча салмак менен жабыркашат. Бул көп ун, шекер жана малдын майы колдонулган жергиликтүү ашкана менен байланыштырылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53