БУУ Йеменде ачкачылык болуу коркунучу бар экенин эскертти
2014-жылдан бери уланып жаткан Йемендеги куралдуу жаңжал ири ачкачылыкка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун чукул жардам берүү боюнча координатору Стивен О`Брайен билдирди.
ВВС телеканалы билдиргендей, БУУ өкүлү Йемендин 10 миллионго чукул жашоочусуна, анын ичинде эки миллиондой кичинекей балага азык-түлүк жетишпей турганын белгиледи. О`Брайендин айтымында, өлкөдөгү гуманитардык абал токтобой жаткан бомбалоолордон улам начарлап жатат.
Йеменде куралдуу кагылыштар 2014-жылдын сентябрында башталган. Шийит азчылыгы эсептелген хуситтер Ирандын колдоосу менен өлкөнүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөтүнө каршы күрөш жүргүзүүдө. Өз кезегинде йемендик өкмөттү Сауд Арабиясы башында турган эл аралык коалиция колдоодо.
Хуситтер менен коалиция аскерлеринин ортосундагы кагылышуулар 2015-жылдын мартында, союздаштардын авиациясы көтөрүлүшчүлөрдү бутага алып баштаганда күчөп кеткен. Жалпысынан 2014-жылдан бери Йемендеги куралдуу кагылыштардан он миңге жакын киши курман болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









