Жогорку сот Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун комитетине жооп берди
"Кыргызстан БУУнун Адам укуктары комитетинин Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу боюнча кайрылуусуна тиешелүү көңүл бурду. Териштирүү жараяны мыйзам эрежелерин сактоо менен жүргүзүлдү. Чечим чыгарууда Аскаровдун кесиптик ишмердигине жана улутуна байланыштуу кысым жасоо болгон жок".
Мындай билдирүү бүгүн Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды. Ошондой эле аталган мекеме Аскаровдун иши саясатташып кеткени тууралуу пикирлерди четке какты.
“Аскаровдун ишин кароо ачык жүрдү. Отурумдарга укук коргоочулар, эл аралык байкоочулар, журналисттер, элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Жактоочуларга кошумча күбөлөрдү алып келүү боюнча укуктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди”,- деп жазылат билдирүүдө.
2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен кайра каралып, бирок 24-январда Чүй облустук соту ошол эле өкүмдү күчүндө калтырган.
Адвокаттар сот чечимин акыйкатсыздык деп атап, Жогорку сотко кайрыларын билдиришкен. Бул өкүмгө Аскаров өзү да нааразылык билдирип, түрмөдө ачкачылык жарыялаган.
Жогорку сот бүгүнкү билдирүүсүндө Аскаровдун жактоочулары апелляция жазууга акылуу экенин белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









