Британия парламенти Евробиримдиктен чыгуу жараянын баштоого уруксат берди
Британ парламенти өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэйге Европа биримдигинин курамынан чыгуу иштерин баштоого расмий түрдө уруксат берди.
Бул боюнча Улуу Британия ТИМинин башчысы Борис Жонсон «тарыхый чечим кабыл алынганын» билдирди. "Биз Евробиримдиктен чыгып жатабыз, бирок Европаны таштап кеткен жокпуз. Континенттин өнүгүүсүнө дайыма салымыбызды кошуп келгенбиз жана кошо беребиз», — деп билдирди ал.
Улуу Британиянын ЕБдин курамынан чыгуусун колдоп парламенттин 498 депутаты добуш берсе, 114тү каршылыгын билдиришти. Буга чейин өлкөнүн Жогорку соту өкмөттөн «брекзит» тууралуу чечим боюнча парламентте колдоо табууну талап кылган.
Жакында премьер Тереза Мэй уюмдан чыгуу процессин тартипке салган ЕБ макулдашуусунун 50-беренесин колдонуу тууралуу Брюсселге билдирүү жөнөтөт. Буга чейин эксперттер жараян толугу менен эки жылдык убакытты талап кылышы мүмкүн деп болжолдоп жатышкан, бирок чынында анын канчага чейин созулары белгисиз: ЕБдин тарыхында буга чейин бул берене таптакыр пайдаланылган эмес.
Улуу Британия Европа биримдигинин курамынан чыгуу боюнча референдумду 2016-жылдын июнунда өткөргөн. Анда демилгени британдыктардын 52% (17,41 млн киши) колдосо, 48% (16,14 млн киши) каршы добуш берген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









