Акүй аятолла Хаменейинин билдирүүсүнө жооп берди
Акүйдүн катчысы Шон Спайсер Ирандын руханий лидери аятолла Хаменейинин АКШ бийлиги тууралуу «кемсинтүүчү» билдирүүсүнө жооп берди.
Анын айтымында, Кошмо Штаттардын жаңы жетекчилиги «кол куушуруп отура бербестен», Иран тараптан коркунуч жараткан бардык мыйзам бузууларга реакция жасайт.
Ошол эле маалда ал Иранды мурдагы президент Обаманын администрациясы менен кол коюлган өзөктүк келишимди сыйлабай жатат деп айыптады.
Күн мурун Ирандын руханий лидери аятолла Сейед Али Хаменейи бүтүндөй бир улутка каршы чектөөлөрдү киргизүү менен АКШ өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөткөнүн билдирген. «Трамп АКШнын башкаруу системасындагы саясий, экономикалык, моралдык, социалдык коррупция жөнүндөгү Ирандын буга чейинки билдирүүлөрүнүн чын экенин ырастады», - деген Ирандын руханий лидери.
Дональд Трамп бийликке келгенден бери АКШ Иранга карата бир катар санкцияларды киргизди. Вашингтон февралдын башында Иранга баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөргөндүгү туура эмес экенин эскерткен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









