KELECHEK
rek

Сот Трамптын жарлыгынын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тартты

Сот Трамптын жарлыгынын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тартты

АКШнын федералдык апелляциялык соту президент Трамптын жети мусулман өлкөсүнүн жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө үч айга тыюу салган жарылыгынын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тартты. Калифорниядагы аймактык апелляциялык соттун мүчөлөрү төмөнкү баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырууну бир добуштан колдошту.

«Администрация бизден аткаруу бийлигинин иммиграция жана улуттук коопсуздук маселериндеги артыкчылык укуктарын сыйлоону гана талап кылган эмес. Алар аткаруу бийлигинин улуттук коопсуздукка байланышкан иммиграциялык чечимдери Конституцияга туура келет-келбейт деп текшерилбөөгө тийиш экенин талап кылышты», – деп айтылат сот чечиминде.

Сотто Акүй Иран, Ирак, Сирия, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен жарандарын теракт жасоо ыктымалдыгы жогору адамдардын тизмесине киргизүүдө кандай маалыматтарга таянгандыгы боюнча суроолор көп болду.

Президент Трамп калифорниялык соттордун чечимин кескин сынга алды. Ал Твиттердеги баракчасына соттук териштирүүлөр уланарын жана анда өлкөнүн улуттук коопсуздугунун тагдыры чечилип жатканын жазды.

Эми Башкы прокуратура аймактык соттун чечими боюнча Жогорку сотко кайрыла алат. Адатта иммиграция жана улуттук коопсуздук маселелерине тиешелүү болгон иштерде Жогорку сот аткаруу бийлиги тарапты колдоп келген. Анткен менен бүгүнкү күндө өлкөнүн эң жогорку соттук баскычынын курамы толук курала элек. Анын коллегиясынын төрт мүчөсү либералдык, дагы башка төртөө консервативдик көз караштарды карманышат. Эгер судьялардын добуштары тең болуп калса, анда аймактык соттун чечими күчүндө калат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52