АКШ өкмөтү «мигранттардын кооптуу» экендиги боюнча далилдерди келтирди
АКШнын Юстиция министрлиги 7 өлкөнүн жарандарын Кошмо Штаттардын аймагына киргизүүгө тыюу салган президент Дональд Трамптын жарлыгын колдогон далилдерди келтирди. Буга чейин федералдык сот Акүй ал өлкөлөрдөн келген мигранттардын террорчулукка тиешеси бардыгын далилдей алган жок деген жүйө менен мамлекет башчынын жарлыгынын күчүн токтотуу чечимин чыгарган.
Сенаттын Юридикалык комитети тарабынан жарыяланган маалыматтарга ылайык, Трамптын тизмесиндеги 7 өлкөдөн келген 72 мигрант 2001-жылдын 11-сентябрынан бери терроризм белгилери бар түрдүү кылмыштар үчүн соттолушкан.
Алардын айрымдары документтерди жасалмалоо өңдүү салыштырмалуу майда мыйзам бузган адамдар болсо, 30дан ашыгын кылмышы үчүн кеминде 3 жылдык мөөнөткө камалгандар түзүшкөн. Андан сырткары министрликтин билдирүүсүндө 2016-жылдын ноябрында болгон Огайо университетиндеги кол салуу тууралуу да айтылган. Анда Сомалиден келген качкын бир нече студентти жарадар кылган болчу.
Буга чейин федералдык судья Жеймс Робарт Акүй Иран, Ирак, Сирия, Ливия, Йемен, Судан жана Сомали өлкөлөрүнөн келген мигранттардын террорчулукка тиешеси бардыгын далилдей алган жок деген жүйө менен Трамптын жарлыгынын күчүн токтотуу чечимин чыгарган. Кийин аппеляциялык баскыч да ушундай эле жүйө келтирип, федералдык соттун чечимин күчүндө калтырган.
Ушул жылдын 3-февралынан 11-февралына чейин Америкага кирген 1462 качкындын 1049зун же болжол менен 72 пайызын президент тарабынан террор коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына киргизилген 7 өлкөдөн келген адамдар түзүшкөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









