АКШ, Жапония, Түштүк Корея Пхеньяндын ракеталык сыноосунан улам БУУга кайрылды
АКШ, Жапония, жана Түштүк Корея мамлекеттери Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынагандыгы үчүн БУУну Коопсуздук Кеңештин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырышты. Вашингтон, Токио жана Сеулдун өкүлдөрү Пхеньяндын бул аракети уюмдун резолюциясына каршы келерин билдиришүүдө.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны бүгүн кечинде өтүшү ыктымал.
Жекшемби күнү эртең менен Пхеньян орто аралыктагы жаңы баллистикалык ракетасын учурганын кабарлады. Түндүк Корея ракета ядролук жардыруучу бөрктү ташып жүрүүгө кудуреттүү экенин баса белгиледи.
Сеул, Токио жана Вашингтон ракетанын коё берилишине көз салып турду. Адистердин пикиринде, бул орто аралыктагы “Мусудан” баллистикалык ракетасынын өркүндөтүлгөн түрү, бирок континенттер аралык ракета эмес.
Дональд Трапм АКШ президенти болгондон бери Түндүк Корея алгач ирет бул сыяктуу сыноосун өткөрдү. Кошмо Штаттардын ММКлары муну жаңы администрацияга карата чакырык катары баалашты. Вашингтон Пхеньян менен болгон мамилесин толугу менен кайра карап чыгарын билдирди. Алардын ичинде каржы санкцияларын катаалдаштыруу, аймактагы америкалык деңиз аскерлеринин санын көбөйтүү пландары да камтылууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









