KELECHEK
rek

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндын ракеталык сыноолорун айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндын ракеталык сыноолорун айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши эгер Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк куралдарын сыноону токтотпосо, анда «олуттуу жаңы чаралар» көрүлө турганын эскертти.

Коопсуздук Кеңешинин мындай билдирүүсүнө Түндүк Кореянын өткөн жылдын 19-октябрындагы жана быйыл февралдагы баллистикалык ракеталарын сыноосу себеп болду.

Билдирүүдө өзөктүк куралдарды жеткирүү каражаттарын түзүү иштери БУУнун резолюцияларына каршы келери жана чыңалууну күчөтө турганы айтылат. Ошондой эле БУУга мүчө бардык өлкөлөрдү Коопсуздук Кеңеши тарабынан 2006-жылы кабыл алынган түндүк кореялык санциялар боюнча алты резолюцияны аткарууга чакырат.

Буга чейин Пхеньяндын бул аракеттерин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш менен АКШ президенти Дональд Трамп да кескин сынга алган.

CNN телеканалы Пентагондогу булактарына шилтеме кылып, акыркы ракеталык сыноолор Түндүк Корея акырындык менен өзүнүн баллистикалык ракеталарын өркүндөтүп жаткандыгынан кабар берээрин билдирүүдө. 11-февралда сыналган орто алыстыктагы ракетасы суу алдындагы кемелер үчүн чыгарылган ушундай эле ракетадан бир канча чоң радиуска ээ болгон.

Өткөн жылы Түндүк Корея 2 өзөктүк жардырууну ишке ашырып, 20 жолу ракеталарды учурган. Акыркы сыноодо ракета Жапон деңизинен 500 чакырым алыстыкта кулаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02