KELECHEK
rek

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүү 16-февралга жылды

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүү 16-февралга жылды

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астанада өтө турган жыйын 16-февралга жылды. Бул тууралуу Казакстандын ТИМи билдирди. Буга чейин жаңжалды жайгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 15-февралда баштала турганы кабарланган.

«Интерфакс» маалымат агенттиги араб ММКларына шилтеме берип кабарлагандай, сириялык оппозиция белгиленген убакытка келбегендиктен жыйын жылдырылган болушу мүмкүн.

Астанадагы сүйлөшүүлөргө расмий түрдө Сирия өкмөтүнүн, куралдуу оппозициянын өкүлдөрү, БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура жана америкалык байкоочулар чакырылган. Ок атышуу режимин сактоо жана Сириянын айрым райондорундагы абалды жөнгө салуу чараларын көрүү – күн тартибиндеги негизги темалар.

Сүйлөшүүлөргө президент Башар Асаддын режимин колдогон Орусия жана козголоңчуларга жардам берген Түркия ортомчулук кылууда.

БУУнун эсеби боюнча алты жылга созулган куралдуу жаңжал учурунда Сирияда 300 миңден ашуун киши курман болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52