АКШ Сенаты Трамптын жардамчыларынын Орусия менен болгон мамилелерин иликтейт
АКШ Конгрессинин жетекчилери президент Дональд Трамптын жардамчыларынын Орусия менен болгон байланыштарын иликтөөгө ниеттенишүүдө.
Негизинен алардын Дональд Трамп кызматка киришерден мурунку ымалаларына басым жасалат.
Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл 14-февралда Сенаттын чалгындоо боюнча комитети 13-февралда отставкага кеткен Майкл Флинн менен аңгемелешерин айтты.
Акүйдүн коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Трамп кызматка киришерден мурун АКШдагы Орусиянын элчиси менен сүйлөшкөндүгү үчүн кызматтан кеткен.
Акүй Флинндин байланыштары тууралуу Трамп билгенин, бирок ал Орусия элчиси менен болгон сүйлөшүүлөрдүн маңызын ачыкка чыгарбай, адаштырууга аракет жасаганын моюнга алды.
Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляков менен санкция маселелерин талкуулап, бирок муну Акүйдөн жашырып койгон.
Рейтер агенттиги телефондук сүйлөшүүлөрдүн стенограммасына таянып билдиргендей, Флинн Кисляковго Обама санкцияларга карата курч реакцияда экенин эскерткен. Ал элчиге Трамп бийликке келген соң орус-америка мамилелерин жакшыртуу боюнча кеңири талкууларга өтүү керектигин айткан.
АКШ кезектеги санкциясын жарыялагандан кийин Орусия президенти Владимир Путин адаттан тыш кадам жасап, АКШ дипломаттарын Кремлдеги жаңы жылдык майрамга чакырган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









