Түркиялык ишкерлер Жалал-Абадда иш алып барууга кызыкдар
Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Түркиянын Анталия шаарында жайгашкан Merkez anadolu kimya компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.
Эки тараптуу кызматташуу жаатында өткөн жолугушууга Түркиянын Merkez anadolu kimya компаниясынын өкүлдөрү Абдуллах бей Куртоглы, Сафа бей, Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын генералдык директору Айткул Бурханов катышты.
Түркиядан келген ишкерлер Merkez anadolu kimya компаниясы биожер семирткичтерин заманбап технологиялардын жардамы менен өндүрүп чыгарышаарын билдиришти. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө сапаттуу биожер семирткичтерди пайдалануу жердин кыртышын жакшыртуу менен түшүмдүүлүктү арттырууга толук негиз берет.
- Учурда биздин компания тарабынан чыгарылган биожер семирткичтери дүйнөнүн 24 мамлекетине экспорттолуп жатат. Биздин максат Кыргызстандын фермерлери менен дыйкандарына дагы биожер семирткичтеринин артыкчылыгын окутуп үйрөтүү жана аны айыл чарбасына кеңири колдонууну ишке ашыруу болуп саналат,- деди компаниянын өкүлү Абдуллах Куртоглы.
Өз кезегинде өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүдө иштеп жатышкан дыйкандар менен фермерлер адам баласынын ден соолугуна зыянсыз болгон таза азыктарды өндүрүүдө биожер семирткичтерди пайдаланууга муктаж экендигин белгилеп кетти. Эгерде Түркиялык өнөктөштөр жердин асылдуулугун көтөрүүдө биожер семирткичтерди областтын аймагында кеңири жайылтууга өз көмөктөрүн көрсөтүүгө макул болушса, биз кызматташууга дайыма даярбыз деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.
- Жалал-Абад облусунда табигый түрүндө өскөн уникалдуу жаңгак токойлорунун сакталуусуна көмөк көрсөтүүнү каалаган тараптар менен иш алып барып жатабыз. Эл аралык FSC – Токой көмөктөшүү кеңеши уюму аркылуу Жалал-Абад облусунун аймагында пилоттук негизде тандалып алынган Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма жана Тоскоол-Ата токой чарбаларында токой пайдалануучулар жамааттары аркылуу токойлорду ыктыярдуу сертификациялоо иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Токойлорду ыктыярдуу сертификациялоонун башкы максаты - токойлордун жоопкерчиликтүү башкаруусун алдыга жылдыруу, мыйзам чегинде башкаруу жолго коюлат жана коррупциялык элементтер кескин кыскарат. Эң башкысы жаңгак маңыздарын Эл аралык рынокко чыгарууга толук мүмкүнчүлүк жаралат,- деди жолугушууда Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын генералдык директору Айткул Бурханов.
Жалал-Абад облусунун аймагында табигый түрүндө өскөн жаңгак токойлору 40 миң гектардан ашуун аянтты ээлейт. Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жаңгак маңыздарын иштетүү жана аны чет өлкөлөргө экспорттоо боюнча ишканалар иштеп жатат.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38









