KELECHEK
rek

АКШ бийлигинин Орусияга киргизилген санкцияларды алуу пландары ачыкка чыгууда

АКШ бийлигинин Орусияга киргизилген санкцияларды алуу пландары ачыкка чыгууда

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Флинн отставкага кетерден бир жума мурун Украинадагы абалды жөнгө салуу үчүн Орусияга киргизилген санкцияларды алып таштоо боюнча Трампка жакын адамдардан сунуштардын топтомун алган. Бул тууралуу New York Times кабарлоодо.

Басылманын маалыматы боюнча сунуштарды иштеп чыгууга Трамптын жеке адвокаты Майкл Коэн, Орусияда бизнес долбоорлорду издөөгө жардамдашкан президенттин ишкер өнөктөшү Феликс Сатер жана украиналык оппозиционер Андрей Артеменко катышкан. Артеменко Кремль менен ымалада экенин жашырбайт жана Украина президенти Порошенконун коррупциялык иштери тууралуу далилдери бар экенин айтып келет.

Тынчтык планы Украинанын чыгышынан бардык орусиялык күчтөрдү алып чыгып кетүүнү жана Крымды Орусияга 50 же 100 жылга ижарага берүү боюнча Украинада референдум өткөрүү маселелерин ичине камтыйт.

2000-жылдардын башында Артеменко каражатты коромжуга учуратуу боюнча Украинада эки жарым жыл түрмөдө отурган, бирок кийинчерээк айыптоолор алынып салынган.

Феликс Сатер жыйырма жыл мурун мафия аралашкан биржа алдамчылыгына катышканын моюнуна алган. ФБР учурда Майкл Коэндин жана Трамптын башка жакын адамдарынын Орусия өкүлдөрү менен байланыштарын иликтөөдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02