Парламент Текебаев боюнча депутаттык комиссия түзбөй турган болду
Жогорку Кеңеш "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу өзүнчө депутаттык комиссия түзбөй турган болду.
Бул окуяга байланыштуу маселелерди буга чейин аталган фракциядан депутаттар Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштер боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын алкагында кароо чечими кабыл алынды.
"Ата-Мекен" фракциясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов кечээ парламент жыйынында Башкы прокуратура менен УКМКнын маалыматын угуп, Текебаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун келтирген.
Бул арада "Ата Мекен" партиясынын митингдери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу сот процесстери башталганда кайрадан уланары белгилүү болду.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова билдиргендей, 2-мартта митинг болбойт деген чечим кабыл алынды. Мындай чечимге аба ырайы өзгөрүп, күн сууктай баштаганы да себеп болду.
Орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга шектелип кармалган Өмүрбек Текебаевдин камалышын анын тарапкерлери саясий куугунтук деп атоодо. Ал эми кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура жана тергөө жүргүзүп жаткан УКМК Текебаевдин күнөөсүн далилдеген материалдар бар экенин айтууда.
Текебаевдин тарапкерлеринин митинги ал камалган түнү, 26-февралда башталган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Анын адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









