KELECHEK
rek

Сирия армиясы Пальмиранын тарыхый чебин ээледи

Сирия армиясы Пальмиранын тарыхый чебин ээледи

Сириянын өкмөттүк аскерлери өнөктөштөрүнүн жардамы менен бирге “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан Пальмирадагы тарыхый чепти кайтарып алды. Бул тууралуу Reuters "Хезболла" тобунун басылмасын шилтеме берип билдирди.

Аскерлер мындан тышкары шаардын түштүк-батыш тарабындагы ордо комплексин да көзөмөлгө алды.

Сириянын өкмөттүк армиясы 27-февралда Пальмиранын түштүк-чыгышындагы стратегиялык маанилүү бийиктикти ээлеген. “Ислам мамлекети” көзөмөлдөгөн шаарга армия февралдын башынан тарта чабуул жасап баштаган.

Экстремисттик күчтөр алгач 2015-жылы майда Пальмираны басып алган. Жоочулар тарыхый эстеликтерди талкалап, шаардын эң улуу археологу Халед аль-Асаадды өлтүрүшкөн.

Былтыр, 2016-жылы сириялык армия менен орусиялык авиациянын бирдиктүү операциясынын негизинде Пальмира Асад режиминин көзөмөлүнө өткөн. Бирок декабрда жихадчылар калааны кайра ээлеп алышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52