Демилгечилер интернет тууралуу мыйзамды артка чакыртып алды
Интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоору артка чакыртылып алынды. Бул тууралуу анын авторлорунун бири, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлгандан кийин көптөгөн сын-пикирлер болгон. Ошондуктан, мыйзамдын демилгечилери кеңешип, аны ушул мазмунунда артка чакыртып алууну чечишкен:
- Биз мыйзам долбоорун кайрадан талкуулап чыгабыз. Мыйзам долбоорунун максаты коомчулукту жалган, чагымга негизделген маалыматтардан сактоо болчу. Биз бул мыйзамды блогерлер, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен чогуу отуруп, кайрадан талкуулап чыгып, жаңы форматта жана мазмунда кайра жазып чыгабыз.
Парламент интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоорун 3-мартта коомдук талкууга койгон. Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында ал өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө жол ачат деген пикирлер айтылган.
Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору боюнча, бир күн аралыгында баракчасына миңден ашык адам кирген интернет колдонуучулардын баары "блогер" деп аталат. Алар маалыматтарды эркин алуу жана жарыялоого укуктуу, ошол эле кезде өз аты-жөнүн, электрондук дарегин жазууга милдеттүү болмок. Мындан тышкары алар атайын мамлекеттик тизмеге киргизилип, зарыл деген маалыматтарды берүүгө милдеттендирилмек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









