Мамдепартамент тажик бийлигин адам укуктарын бузууга айыптоодо
АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча баяндамасын жарыялап, Тажикстанды кескин сынга алды. Документте өкмөт жарандардын таза жана эркин шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жаткандыгы негизги маселе экени айтылат.
Башка маселелердин катарында – камактагыларга катаал мамиле жасоо, саясий жана жарандык активисттерди опузалоо, ММКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу, социалдык түйүндөрдү колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө бар. Баяндамада Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алганы менен бийлик бир колго топтолгону баяндалат.
Документте 2016-жылы өлкөдө Баш мыйзамга референдум аркылуу өзгөртүү киргизилгени жана азыркы президент Эмомали Рахмон “улут лидери” катары чектөөсүз бийликте калуу мүмкүнчүлүгүн алганы баса белгиленет.
Мамлекеттик департамент Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү жана белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун камалганын да эске салган.
Мындан тышкары өлкөдө коррупция менен күрөшүү натыйжасыз жүрүп жатканы дагы айтылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









