АКШ Кытайдын Пхеньян менен сүйлөшүү сунушун четке какты
Кошмо Штаттар Корей жарым аралындагы аскердик эскалацияны токтотуу жана Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү тууралуу Кытайдын сунушун четке какты. 8-мартта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Түштүк Кореяны жыл сайын өткөрүлчү аскерий машыгууларын токтотууга, ал эми Түндүк Кореяны ядролук жана ракеталык сыноолорун өткөрбөөгө чакырган.
Пентагондун расмий өкүлү Гарри Росс ал аскерий машыгуулар ачык өтүп жатканын жана коргонууну камсыз кылуу максатын гана көздөй турганын билдирди. Ал машыгуулар ондогон жылдардан бери жыл сайын өткөрүлүп келерин кошумчалады. «Түштүк Кореяны Пхеньяндын агрессиясынан коргоо боюнча биздин аракеттер менен милдеттенмелерибизди Түндүк Кореянын БУУ тараптан киргизилген санкцияларды бир канча жолку бузуусуна теңештирүүгө болбойт», — деди Гарри Рос.
АКШнын БУУнун алдындагы элчиси Никки Хейли дагы Кытайдын сунушун четке кагып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү деңгээлде рационалдуу эмес адам экенин билдирди. «Биздин ишибиз рационалдуу адам менен байланыштуу эмес. Түндүк Кореянын ордуна башка бир өлкө болгондо сүйлөшүүлөргө бармакпыз», — деди Хейли.
Ал АКШ учурда Түндүк Кореяны токтотуу үчүн анын аракеттерин баалап жатканын билдирди. Анын айтымында, бардык варианттар караштырылууда. Алардын ичинде Ким Чен Ындын «позитивдүү аракеттерге» баруу ыктымалдыгы да бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









