KELECHEK
rek

Салайдин Авазов: “АЙРЫМ ПАРТИЯЛАР БИЙЛИКТИ ГАНА ОЙЛОП, ЭЛДИ УНУТУШТУ”

Салайдин Авазов:  “АЙРЫМ ПАРТИЯЛАР БИЙЛИКТИ ГАНА ОЙЛОП, ЭЛДИ УНУТУШТУ”

Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн эмес, өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат. Мындай пикирин шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге ачык билдирди.

Анын айтымында, 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессиясы жогорудагы аталган фракциялардын депутаттарынын сессияга келбей коюшунан улам болбой калды. Буга чейин да эки-үч жолу сессия ушундай эле себеп менен болбой калган.

- Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды беришкен, “силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз” дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл эле түз инвестицияларды алып келмекпиз, - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык кеңешке болуп өткөн шайлоолордо КСДП, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары мандатка ээ болушкан. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен. Андан соң, КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүштү. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпегендиктен улам, шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат.  Шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12