Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Дүйшөнкул Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болушат. Кечээ эки саясатчынын баш коргоо чарасын караган Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун аларды эки айга камоо тууралуу 27-февралда чыгарган чечимин күчүндө калтырды.
Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Адвокат шаардык соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, бүгүн,10-мартта апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышарын кабарлады.
Текебаев 2010-жылы орусиялык Леонид Маевскийден миллион доллар пара алган деп айыпталып, 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Өзү муну саясий куугунтук деп сыпаттоодо. Ал кармалгандан бери Бишкекте жана Базар-Коргондо колдоочуларынын нааразылык акциялары өтүп жатат.
Партия лидеринин ишине тиешеси бар деп убагында өзгөчө кырдаалдар министри болгон, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов эки айга камалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









