Михайлов өлкөдөн чыгарылышын өз ишмердигине байланыштырды
Орусиялык Regnum маалымат агенттигинин Кыргызстандагы шеф-редактору Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырды. Михайлов буга чейин эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбаганын жана аны өлкөдөн чыгарууга негиз жоктугун айтты.
Учурда Алматы шаарында турган Михайлов өлкөдөн чыгарууга байланыштуу эч кандай расмий түшүндүрмө албаганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстандагы каттоо мөөнөтү өтүп кеткенин моюнуна алып, бирок ага жаза катары 10 миң сом айып салынышы керектигин кошумчалады.
“Мен бул айып пулду төлөөгө даярмын. Бирок акыркы окуяларды журналисттик ишмердигим менен байланыштырып жатам. Себеби, башка нерсе менен байланыштырууга мүмкүн болбой жатат”,- деди Михайлов.
10-мартта орусиялык Regnum маалымат агенттиги алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылганын жазып чыккан.
Бул маселе боюнча Кыргызстандын Ички иштер же Тышкы иштер министрликтери азырынча расмий комментарий бере элек.
Regnum агенттиги 9-мартта өз сайтына “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүнө таянып, “Кыргызстанда оппозиция президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатат” деген аталыштагы макала жарыялаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









