Путин Трамп менен G20 саммитинде жолугушу мүмкүн
Орусия жана АКШнын президенттери июлдун башында Гамбургда өтө турган «Чоң жыйырмалыктын» саммитинде жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусия мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал CNN телеканалына берген маегинде Германиянын Гамбург шаарында өтчү саммит эки өлкө башчысы тең катыша турган алгачкы иш-чара болорун айтты.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен качан жолугарын билбей турганын айткан.
Трамп инаугурациясынан көп өтпөй Путинге телефон чалып сүйлөшкөн. АКШ жана Орусия президенттери бири-бири тууралуу жакшы пикирлерин айтып келишет. Кошмо Штаттарда Трамп жана анын айланасындагылар Орусия менен байланышта болгон деп сынга алынууда.
АКШнын атайын кызматтары Орусияны америкалык шайлоого кийлигишүүгө жана Демократиялык партиянын компьютерлерине чабуул коюуга айыптоодо. Кремль болсо ал кинелерди четке кагып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









