KELECHEK
rek

Бишкек мэри Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды

Бишкек мэри Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айгүл Уметова калаа башчысынын арызын канааттандырып, Текебаев "1 миллион сом төлөп берсин" деген чечим чыгарды.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, сот алардын "Текебаев кайтаруучулардын коштоосунда келип, отурумга катышсын, жарыш сөзүн айтсын" деген өтүнүчтү четке какты. Андан соң Токтакунова кесиптеши Канатбек Азиз менен сот залынан чыгып кетишкен.

- Биздин катышуубуз жок эле чечим чыгарылды. Жарыш сөзгө эч ким келген жок. Эми Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз.

Сот чечим мыйзам нормаларынын негизинде чыгарылганын, адвокаттарда депутаттын ишеним кагазы болгондуктан, Текебаевдин катышуусу шарт болбогонун билдирүүдө.

Өмүрбек Текебаев былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнө байланыштуу маалыматтарды тараткан. Анда үй курулуп жаткан жерди жең ичинен өздөштүрүү иштерине Албек Ибраимовду айыптаган.

Ибраимов муну жалган маалымат деп депутатты сотко берген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жемкорлукка айыпталып, 26-февралдан бери УКМКнын камагында.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53