Ташкентте кароосуз калган 1,5 миңдей өспүрүм кармалды
Ташкент шаарында акыркы эки айда кароосуз калган жана базарларда иштеген 1400 бала аныкталды. Калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча алар Өспүрүмдөргө социалдык-укуктук жардам берүү борборуна жөнөтүлдү.
Балдардын көбү жумуш издеп аймактардан шаарга келишкен. Алар базарларда араба түртүп, автоунаа жууп иштешет.
Маалымдалгандай, балдар топ-топ болуп базарлардан алыс эмес жерлердеги батирлерде жашашат. Бир жүк ташуучу арабаны 18 миң сумга (2,5 доллардын тегереги) ижарага алып, түнгө чейин иштешет. Бир күндө 100 миң сумга чейин (13 доллардын тегереги) пайда табышат. Базарда иштеген ишкерлердин айтымында, милиция дайыма алардын изинде. Өзгөчө майрам алдында кармашып, автобустарга салып алып кетишет.
Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча жашы жете элек кароосуз калган балдардын көбү - колледждердин окуучулары. Колледждерде жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында жүздөгөн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылып, окуу жайлардын директорлоруна сөгүш берилди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









