Сот журналист Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарды
Сот журналист Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарды. Баш прокурор Индира Жолдубаева "президенттин абройуна шек келтирди" деген негизде "Заноза" сайтынын үстүнөн сотко үчүнчү арызды бергени маалымдалды.
13-мартта Бишкектин Октябрь райондук сотуна жазылган баш прокурордун бул арызына таянып, сот "Занозанын" журналисти Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарган. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттык" радиосуна билдирди.
2015-жылы жарыялаган макаласы үчүн журналист Нарын Айыпка 3 миллион, сайтка 3 миллион сомдук доо коюлуп жатканы айтылууда.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 22-октябрында Нарын Айып президенттик фонддон берилип жаткан акчалай жардамдар тууралуу жазган макаласында каражаттын чоо-жайы тууралуу сөз кылып, "мыйзамсыз келген акчалар болушу мүмкүнбү?" деген суроо койгон.
Азырынча бул кабарды райондук соттон жана прокуратурадан тактоого мүмкүн болгон жок.
Башкы көзөмөл органы марттын башында "президенттин абройуна шек келтирди" деген негизде "Занозанын" үстүнөн сотко эки арыз берген. Анда да ар бир арыз боюнча 3 миллион сом доо коюлган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









