AI тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 18-мартта Бишкекте өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Мындай билдирүү уюмдун сайтына 21-мартта жарыяланды.
Анда Кыргызстандын бийлиги жүрүштүн беш катышуучусун кармап, беш суткага камакка алуу менен алардын тынч чогулуштарды өткөрүү укугун бузганы айтылган.
"Тынч акциянын катышуучуларынын кармалышын, адилетсиз сотту жана алардын бир нече күнгө камакка алынышын жүрүшкө атайылап тоскоолдук кылууга жана көз карандысыз ММКлардын басымына каршылык көрсөтүүгө багытталган аракет деп гана баалоого болот", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Бишкектин Свердловск райондук соту Мавлян Аскарбековду, Айбек Мырзаны, Азамат Аттокуровду, Расул Умбеталиевди жана Мухит атту жаранды беш суткага камакка алган.
Буга чейин ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов алар тартип бузууга жана жол тосууга айыпталып кармалганын билдирген. Анын айтымында, активисттер милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы жана жол тосуу аракети үчүн бейбаштыкка айыпталып, беш суткага камалышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









