Жалал-Абадда Баткен согушунун катышуучулары антитеррордук окуудан өтүштү
Жалал-Абад шаарында 1999-2000-жылдары болуп өткөн Баткен согушунун катышуучуларын Жалал-Абад облустук жана шаардык кеңеши антитеррордук окуудан өткөрдү. Бул тууралуу Баткен согушунун катышуучуларынын облустук жана шаардык кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында антитеррордук темадагы окуу уюштурулуп, ага Баткен согушунун облустагы жана шаардагы катышуучулары катышышты. Бул иш-чарага аны уюштурууда жакындан жардам берген “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзабеков жана бир катар дин өкүлдөрү да катышышып, ардагерлерге бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринен болгон түрдүү диний агымдар жана аларга азгырылып, согуш жүрүп жаткан мамлекеттерге барып келген жарандар тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү.
- Иш-чарага жалпы Баткен согушунун 45 ардагери катышты. Уюштуруунун негизги максаты-Баткен согушуна катышып, эгемен Кыргызстанды сырткы жоодон коргогон эр-азаматтарыбызга бүгүнкү күндөгү терроризм, анын дүйнөлүк кесепеттеринин кулач жайып баратышы, ага каршы туруунун жолдору тууралуу кеңири маалыматтарды берүү болуп саналат. Окуунун жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар берилди. Биз бүгүнкү күнү элибизде, жерибизде тынчтыктын сакталышы үчүн өз салымдарыбызды кошууга аракет кылабыз, - дейт Р. Амиракулов.
Мындай иш-чара буга чейин “Ыйман” фондусу тарабынан Бишкек жана Ош облустарында өткөрүлгөн.
Эскерте кетсек, бул жылы Баткен согушунун аяктаганына 17 жыл толот. Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын Баткен согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүп келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









