НАТОнун башкы командачысы Украинага курал-жарак жеткирүүнү сунуштады
Орусия тарабынан колдоого алынып жаткан жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн Украинага заманбап курал-жарак берүү зарыл. Мындай сунушун НАТО күчтөрүнүн башкы командачысы жана АКШ күчтөрүнүн Европадагы кол башчысы, генерал Кертис Скапарротти билдирди.
"Менин жеке пикиримде, коргонуу үчүн биз Украинага заманбап учуучу куралдарды жеткирүү мүмкүндүктөрүн карап чыгышыбыз зарыл", – деди Скапарротти АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинин угууларында.
Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы Украинага бронежилет, түн ичиндө көрүү каражаттары, кургак тамак –аш, дары дармек жагынан жардам көргөзгөн. Бирок администрация Орусия тараптын согушту ырбатуу ыктымалдыгынан чочулап, Украинага танктарга каршы ракеталарды жеткирүү тууралуу Конгресстин чакырыктарына каршылык билдирип келген.
Скапарротти Орусия менен чектешкен Грузия менен Украина Москванын арам ойлуу иштерине, анын ичинде куралдуу аракеттерине каршылык көрсөтүп жаткандыгын билдирди. Генерал күчтөнүп жаткан Орусия өнөктөштөн келишпес каршылашка айланып баратканын белгиледи.
Өз сөзүндө АКШнын Өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү Мак Торнберри Орусиянын башкы максаттарынын бири «тарыхтагы эң ийгиликтүү аскерий альянс» эсептелген НАТОну алсыздантып, аны бөлүп-жаруу экенин айтты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









