KELECHEK
rek

Трамп «Ислам мамлекетин» жок кылууну убадалады

Трамп «Ислам мамлекетин» жок кылууну убадалады

АКШ президенти Дональд Трамп союздаштары менен бирге «Ислам мамлекети» тобун жок кылууну убадалады. "Биз «Ислам мамлекетин» жок кылып, цивилизацияны коргойбуз. Бизде башка жол жок", — деп билдирди Трамп Иордания падышасы Абдалла Экинчи менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында.

Ак үйдүн башчысы Идлиб провинциясынын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуул тууралуу билдирүүдөн кийин Сирия президенти Башар Асадга болгон мамилесин өзгөрткөнүн белгиледи. Анын айтымында, өкмөттүк армиянын химиялык куралдарды колдонушу «чектен ашып», «жеткен чегине жетти».

4-апрелде сирия оппозициясы Хан-Шейхунда ондогон адамдар өлгөнүн билдирген. Жергиликтүү медиктер анда нервдерди шал кылчу газ пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө. Көтөрүлүшчүлөр кол салууга Сириянын өкмөттүн күчтөрүн айыпташты. Кошмо Штаттар менен Евробиримдик өлкөлөрү дагы химиялык чабуулдарга Сирия президенти Башар Асаддын тиешеси бар деп эсептешүүдө. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши тиешелүү чара көрбөсө, анда Сирия өкмөтүнө санкциялар киргизиле тургандыгын билдирди.

Орусия 4-апрелде Сирия аба күчтөрү ок-дарылар жана ууландыруучу заттар сакталган кампага сокку урганын билдирди. Москванын версиясы боюнча, ал ок-дарылар Ирактагы жана Сириядагы террорчуларга жеткирилип турган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02