Астана Сириядагы химиялык курал колдонуу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырды
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Женева жана Астана жараяндарынын алкагында Сирия өкмөтү менен оппозициялык топтордун ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.
«Казакстан жапырт кыйратуучу кандай гана курал колдонуу болбосун чечкиндүү түрдө айыптайт. Биз күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн бул факты боюнча БУУнун көзөмөлү алдында объективдүү жана калыс эл аралык иликтөө жүргүзүүнү маанилүү деп эсептейбиз», - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
7-апрелде АКШ Сириянын Шэйрат аэродромуна 59 канаттуу ракета менен сокку урган. Кошмо Штаттардын бийлиги Хан-Шейхун шаарына химиялык чабуулду дал ошол аба базанын учактары жасаган деп эсептөөдө. АКШнын бул аракетин Германиянын, Франциянын жана Улуу Британиянын лидерлери, ошондой эле Сирия оппозициясы колдоду.
Быйыл Астанада Орусия, Түркия жана Ирандын делегацияларынын катышуусунда Сириядагы абалды жайгаруу боюнча бир канча жолу сүйлөшүүлөр өткөн. Женевада болсо БУУ тарабынан уюшулган өзүнчө сүйлөшүүлөр өтүүдө.
Сирия бийлигинин маалыматы боюнча 7-апрелге оогон түнү Сириядагы аба базага урулган соккудан алты аскер кызматкери жана тогуз жай тургун мерт болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









