Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген төрт медресе ишин токтотту
Кыргызстанда эч кандай уруксат кагазы, балдарды окутууга шарты жок иштеп жаткан төрт медресе ишин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Куштарбек Маматов билдирди.
Анын айтымында, жабылган медреселер буга чейин балдарды мечиттин ичинде эле окутуп келишкен.
- Биз буга чейин кыдырып, каттоосу жок төрт медресеге эскертүү бергенбиз. Ал жерде эч кандай медресе жок, мечитте эле окутуп жатышкан экен. Биз мыйзамдарды түшүндүрүп, көрсөттүк.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, өспүрүмдөр инспекциясы, муфтият, райондук акимчилик жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия билим берүү менен алектенген диний уюмдарды текшерип чыккан. Анын жүрүшүндө «Биринчи Кадам», «Абубакир Сыдык», «Муртазали», «Ыйык биримдик» жана «Мускан Торо» медреселери уруксатсыз иштеп келгени, техникалык коопсуздук, тазалык эрежелери сакталбаганы аныкталган.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 102 медресе бар. Алардын 60тан ашууну каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш алып барат. Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстанда ислам диний билим берүү мекемелериндеги абалды изилдеп чыгып, медреселер чукул реформага муктаж экенин айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









