Жер көчкү Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айылын байланыштырган жолду басып калды (ФОТО)
28-апрелде Майлуу-Суу шаарынын Түштүк Кара-Жыгач айылынын чыгыш тарабынан сүрүлгөн 7 млн. куб метр жер көчкү Майлуу-Суу дарыясын бөгөп, Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айылын байланыштырган 500 метр асфальт жолду басып калды жана жараксыз абалга келтирди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Дагы көлөмү 7 млн. куб метрди түзгөн ири жер көчкү күн сайын 4-5 метрден акырындап жылып жатат. Түштүк Кара-Жыгач айылынан 23 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлүп, 17 үй-бүлө катуу көзөмөлгө алынгандгын КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Алтынбек Токтоноев ырастады. Ири өлчөмдөгү жер көчкүнүн кесепетинен улам Майлуу-Суу дарыясында көлөмү 4 миң куб метрди түзгөн жасалма көл пайда болду. Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айылын байланыштырган 500 метр асфальт жолду жер көчкү жараксыз абалга келтирди. Азыркы учурда Сары-Бээ, Көгөй жана Көпүрө-Башы айылдарында жашаган 3200 адам Майлуу-Суу шаары менен байланыштырган жол каттамы жок калды. Учурда бул айылдардын жашоочулары адыр менен асканы аралап, жалгыз аяк жол менен жөө жалаңдап, ат жана эшек менен тамак-аш азыктарын, күндөлүк керектелүүчү зарыл буюмдарды шаардан ташып кетип жатышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов, ДЭП - 22 жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Рашид Курбанов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Мурадил Маматов, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Бекболот Барбиев жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын башчысы Айдар Мамасалиев жер көчкүдөн улам убактылуу коопсуз аймактарга жана тууган-уруктарыныкына көчүп чыгышкан жергиликтүү жашоочулар менен жеринде жолугушуп, калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
- Сиздердин башыңыздарга түшкөн оор мүшкүлдү жакшы түшүнүп турамын. Ири көлөмдө түшкөн жер көчкү Майлуу-Суулуктарга чоң зыяндарды келтиргендигин жакшы билебиз. Быйылкы жаз айлары Кыргызстан боюнча оор сыноолорду алып келип олтурат. Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу Аюу айылында жер көчкү 24 адамды басып калды. Ошондуктан сабырдуулук менен канаат кылалы. Сактанганды кудайым сактаптыр дегендей өзүбүзгө сак болуп, коопсуздукту катуу карманалы. Майлуу-Суу – Сары-Бээ жолун жолду куруучу адистер менен кеңешип, алардын пикирин угуп, атайын долбоордун негизинде курбасак болбойт. Ал эми азыркы тапта адамдар адыр менен асканы аралап өтүп жаткан жолдун энин 2 метрге кеңейтүүнү жергиликтүү бийлик башчыларына тапшырма катары милдеттендирдим. Антпесек кары-картаңдар менен кош бойлуу аялдардын бул жолдон өтүүсү өтө кооптуу,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Майлуу-Суу шаарында 24500 калк жашайт. Майлуу-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Табигый кырсыкка кабылган жергиликтүү калк облустук жана жергиликтүү бийликтин башчыларынын коопсуздукту сактоо боюнча койгон сунуш талаптарын түшүнүү менен кабыл алышты.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









