Орусияда авариядан өлгөн баланын мас экени аныкталган
Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы Железнодорожный шаарындагы 6 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыгын иликтөөдө. Экспертиза унаа коюп кеткен бала абдан мас болгонун аныктаган.
Маалыматка караганда, алты жаштагы баланын канынан 2,7 промилле алкоголь табылган. Наристенин үй-бүлөсү кайрадан экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда.
Башкармалыктын билдирүүсүндө, иликтөө учурунда тергөөчүлөргө кысым болгону, бир айга чейин кылмыш иши козголбогону, далилдердин бир бөлүгү жок кылынганы айтылат.
Железнодорожный шаарындагы авария 23-апрелде болуп, бирок 15-июнда гана ачыкка чыккан. Мобилдүү байланыш салонунун сатуучусу, 31 жаштагы Ольга Алисова алты жаштагы баланы сүзүп кеткен.
Айыпталуучунун жактоочусунун билдиришинче, бала үйдөн көчөгө чыга калып отуруп калган, буга байланыштуу айдоочу аны көргөн эмес. 12-июнда каза болгон наристенин атасына соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын тапшырышты. Анда баланын канында 2,7 промилле алкоголь бар экени, ал абдан мас болгону жазылган.
"Мындай кагаз ортого чыкканына эмес, тергөөчү уялбай анын мага карматканы үчүн дендароо болуп калдым. Мындан ары эмне күтсөм болот? Мени ата-энелик укуктан ажыратып, ал гана эмес кечирим суроого мажбурлашабы?”,– деди баланын атасы Роман Шимко.
Тергөө комитети окуянын чоо-жайын тыкыр иликтөө үчүн кайрадан экпертиза дайындайт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56









