Хьюман Райтс Вотч делегациясы августта Өзбекстанга келет
Стив Свердлов
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюмунун делегациясы узакка созулган тыныгуудан кийин биринчи жолу Өзбекстанга келет. Уюмдун бул өлкөдөгү ишмердүүлүгү 2011-жылы июль айында токтотулган.
Бул маалыматты Хьюман Райтс Вотчтун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлов тастыктады. Ал Өзбекстанга августта келишерин айтты.
Буга чейин өлкө Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму менен кызматташуусун жандантууга даяр экенин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов билдирген.
“Ага окшогон башка уюмдар дагы келет, кызматташабыз. Бирок алардын келүүсү – Өзбекстан бардык талаптарына же шарттарына макул дегенди билдирбейт”,– деген Камилов.
Өзбек бийлиги 2005-жылы Анжияндагы кандуу окуядан бир нече жыл өткөн соң, HRW уюмунун ишмердүүлүгүн токтоткон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









