KELECHEK
rek

Путин:АКШнын Орусиядагы дипмиссиясы 755 кишиге кыскартылат

Путин:АКШнын Орусиядагы дипмиссиясы 755 кишиге кыскартылат

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын 755 дипломаты Орусиядан чыгарыларын билдирди. Ал орус мамлекеттик телеканалы менен 30-июлдагы маегинде Орусиядагы Американын элчилиги жана консулдуктарында миңден ашык киши иштеп келгенин, алардын 755и ишин токтотушу керектигин айтты.

Орус президентинин мындай билдирүүсүнөн эки күн мурда Кремл АКШнын дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган. Ошондой эле Ак үйдөн 1-сентябрга чейин Орусиядагы дипломаттарынын санын 455ке чейин кыскартууну талап кылган.

Орус тарап мындай чечимин АКШ конгрессмендери Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамды жактыргандан кийин кабыл алды. Ак үй президент Дональд Трамп бул мыйзамга кол коёорун кабарлаган.

АКШ Конгресси кошумча санкцияларга Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо соңку мыйзам АКШнын эл аралык маселелердеги "ашынган агрессиясын" тастыктады деп белгилеген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12