Ашхабадда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысына кол салуу болду
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова Ашхабадда кайрадан кол салууга кабылганын билдирди. Бул 27-июлдан бери 67 жаштагы журналистке карата жасалган үчүнчү физикалык кысым көрсөтүү болду.
Ачилованын айтымында, 29-июлда эртең мененки саат 9да массалык веложүрүштү сүрөткө тартуу үчүн көчөгө чыккан. Ал Азиада-2017ге 50 күн калгандыгына байланыштуу уюштурулган расмий иш-чара болчу.
"Биз сыртка чыкканда үйдөн алысыраак жерде турган адамдарды байкадык. Аялдамага баратканда алардын бирин сүрөткө тартып алууга жетиштим. Ал биз менен бирге автобуска кирип, менин жаныма туруп алды. Мен автобустун терезесинен велосипедчилерди сүрөткө тарта баштарым менен мени колдон алды. Жанымдагы кызым мага болушуп, колумду андан тартып алды", - деп билдирди Солтан Ачилова.
Кабарчынын айтымында, андан соң кол салган адам адепсиз сөздөрдү айтып, аны өлтүрүп кетерин, кызынын бутун сындырарын айтып коркуткан.
"Силер өлкөнү уят кылып жатасыңар, митаамдар деп автобусту жаңырта кыйкырды. Биз кийинки аялдамадан түшүп калып, үйгө жөө келдик. Ал биздин артыбыдан ээрчип алып, жол бою өлтүрө турганын айтып коркутуп келди", - деди Солтан Ачилова.
Кабарчы бул окуядан кийин өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирүүдө. Бул журналистке кол салынган алгачкы учур эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









