Пенс Орусияны грузин аймактарын басып алууга айыптады
Расмий Вашингтон Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Мындай билдирүүнү вице-президент Майк Пенс Тбилисидеги сапары маалында жасады. АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-августта грузин өкмөт башчысы Гиоргий Квирикашвили менен жолукту.
"Грузия - биздин негизги стратегиялык шеригибиз. Биз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана НАТОго мүчөлүккө өтүү мүдөөңүздөрдү колдойбуз. Бүгүн Орусия Грузия аймагынын басып алынган бештен бир бөлүгүн ээлөөнү улантууда. Таасын айта кетейин: Америка Кошмо Штаттары Орусиянын грузин жергесиндеги баскынчылыгын айыптайт", - деди вице-президент.
2008-жылы Грузия менен Орусия ортосунда 5 күндүк согуш тутангандан кийин, расмий Москва Грузиянын курамындагы жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарына аскер киргизип, алардын көз карандысыздыгын тааныган. Бул эки аймакта тең Орусия өз аскерлерин азыркыга чейин кармап турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









