KELECHEK
rek

Жеңиш Жоробеков Каракол ШИИБнүн башчысы болуп дайындалды

Жеңиш Жоробеков Каракол ШИИБнүн башчысы болуп дайындалды

Мурдагы Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жооробеков Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Аталган буйрукка КР Ички иштер министри Улан Исраилов кол койду.

Эртең, 17-августта жаңы жетекчини жамаатка тааныштырышат. Бул кызматты аркалаганга чейин Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси болуп 2013-жылдын июнь айынан 2017-жылдын февраль айына чейин үзүрлүү эмгектенген.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектегенге чейин Тогуз-Торо РИИБнүн башчысы болуп иштеген.

Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси болуп иштеп турган мезгилде “Мекеним менин – Кыргызстан” долбоорунун алкагында бир нече спорттук мелдештер өткөрүлүп, жаш спортчулардын Эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып келүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берген. Ошол учурда ОИИБда “Динамо” спорттук клубу да уюштурулган.

Жеңиш Мамаюнусовичти жаңы кызмат орду менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Ж. Жоробеков Жалал-Абад ОИИБгын жетектеп турганда облуста коомдук коопсуздук сакталып турган

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2423

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20