Жапония премьер-министри Путинди тынчтык келишимин түзүүгө чакырды
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орусия президенти Владимир Путинди бардык кыйынчылыктарды жеңип, эки өлкө ортосунда тынчтык келишимди түзүүгө чакырды.
Чыгыш экономикалык форумдун сессиясында сөз сүйлөгөн Абэ Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен эки өлкө алигиче тынчтык келишим түзө албай келе жатканын начар көрүнүш караты сыпаттады. Абэ бир жыл ичинде Орусия менен Жапония 70 жыл орундалбай келген иштерди жасаганын белгиледи. Жапон өкмөт башчысы өз ара иштешүүгө жана ийгиликтерди бөлүшүүгө чакырды.
Орусия менен Жапония Курилдеги төрт аралды талашып келишет. Жер чырынан улам Орусия менен Жапония Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганын белгилеген тынчтык келишимине кол коюшкан эмес.
Өткөн жылы Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумда Абэ Москваны компромисс табууга чакырган. Путин талаштуу аралдарды Жапонияга сатпай же бербей турганын айткан. 2016-жылы декабрда Путин Токиого жасаган сапарында эки өлкөнү алым сабак айтышууну токтотууга үндөп, бирок бул маселени бир заматта чечүү мүмкүн эмес экенин белгилеген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









