KELECHEK
rek

ИМ тобу Грозныйдагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

ИМ тобу Грозныйдагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

“Ислам мамлекети” террордук тобу Грозныйдагы Архангел Михаил православ чиркөөсүндөгү кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. Бул тууралуу 20-майда көз карандысыз SITE Intelligence Group мониторинг борбору билдирди.

Грозныйдагы ибадатканага кол салуунун себептери боюнча расмий маалыматтар али жок. Орусия Тергөө комитети укук коргоо кызматкерлерине кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Чечен республика башчысы Рамзан Кадыров кол салуучулар тууралуу белгилүү болгон маалыматтар менен бөлүштү: “Алардын экөө – Гелдаган, бирөө – Грозныйдан алыс эмес жайгашкан Аргунский айлынын тургуну. Чеченстан ИИМинин маалыматы боюнча топтун башчысы коңшу аймактардын биринин жашоочусу”, деп жазды Кадыров Телеграмдагы каналына.

19-майда төрт киши Архангел Михаил чиркөөсүнө кирип келип, кишилерди барымтага алууга аракет жасаган. Эки полициячы жана ибадатканга келген бир адам мерт болгон. Кол салуучуларды полициячылар атып өлтүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...