Нурбаев: Түрк элчисинин «Сапат» тууралуу билдирүүсүнө жооп бериш керек
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билдирүүсүн ички иштерге кийлигишүү катары баалады.
Буга байланыштуу ал кыргыз дипломаттары тез арада жооп бериши керек деп эсептейт:
- Түрк элчиси Балыкчыда ачыла турган мектеп боюнча «ал ачылса болбойт, кыргыз-түрк мамилелерине зыяны тийип калат» деп өтө одоно билдирүү жасаптыр. Бул дипломатиянын эрежелерине да, элчинин статусуна да туура келбейт жана ички иштерге кийлигишүү болуп эсептелет. Куруучулар жергиликтүү болсо, анын бир бөлүгү да мамлекеттештирилген болсо - эти да, сөөгү да биздики. Биздин Тышкы иштер министрлиги буга тез арада жооп бериши керек.
Бүгүн АКИpress агенттиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын Балыкчы шаарында «Себат/Сапат» мектеби ачылып жатканына нааразылыгын билдиргенин, «бул түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарына терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин» жазып чыкты.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. «Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.
Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









