Президенттик аппараттын Жээнбековго байланыштуу тамаша сүрөткө дооматы жок
Президенттик аппараттын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу тамаша сүрөттөргө эч кандай дооматы жок. Аппараттын коомчулук менен байланышуу бөлүмү 1-октябрда ушундай билдирүү таратты.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева "Азаттык" радиосуна төмөнкүдөй комментарий берди:
- Башка окурмандар сыяктуу эле президент бул сүрөттөр жөнүндө социалдык тармактардан билген. Мамлекет башчысы эл катары ал сүрөттөргө күлгөн. Ошол бойдон сүрөттөр унутулуп калган. Анан эле Башкы прокуратуранын маалыматы пайда болду. Ачыгын айтсак, бул президенттин аппараты үчүн күтүлбөгөн жагымсыз маалымат болду.
Быйыл жайында бишкектик дизайнер Никита Тарасенко президенттин басма сөз кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, Интернетке жайгаштырган.
Дизайнер 29-сентябрда Башкы прокуратурага чакырылып, түшүнүк кат жазганын "Азаттыкка" айткан.
Маалыматка караганда, прокуратурага белгисиз адам "Тарасенко президентти келекелеп жатат" деген арыз менен кайрылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









