KELECHEK
rek

Трамп «шатдаун» боюнча демократтар менен сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратты

Трамп «шатдаун» боюнча демократтар менен сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратты

АКШ президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамптын Конгресстеги Демократиялык партиянын лидерлери менен болгон жолугушуусу баштала элек жатып үзгүлтүккө учурады. Анда АКШдагы федералдык өкмөттүн ишинин жарым-жартылай токтогондугуна (шатдаун) байланышкан маселелер талкууланышы керек болчу.

Сүйлөшүүлөргө Сенаттагы азчылыкты түзгөн демократтардын башчысы Чак Шумер менен Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси катышкан. Трамптын Твиттерге жазганына караганда, ал «Мексика менен чек арага дубал курууга акча бөлүнөбү?» деген суроосуна Нэнси Пелоси «жок» деп жооп бергенден кийин жыйындан чыгып кеткен. Кийин президент бул жолугушууну «убакытты текке кетирүү» деп атады.

АКШ Конгрессиндеги демократтардын лидерлери Трамтын мындай кадамын өз каалаганына жете албаган президенттин кезектеги «каардануусу» деп баалашты.

Күн мурун Трамп АКШ калкына кайрылуу жасаган. Анда ал Мексика менен чек арадагы гуманитардык кризис күчөп баратканын айтып, демократтарды мындай кырдаалды "таануудан баш тартып жатат" деп сындап, аларды дубалдын курулушуна акча бөлүүгө макул болууга чакырган.

Ага чейин Трамп дубалдын курулушуна деп Конгресстен 5,7 миллиард доллар сураган. Бирок Конгресстеги көпчүлүктү түзгөн демократтар долбоорду каржылоодон баш тартышкан. Буга байланыштуу өлкөнүн федералдык өкмөтү жарым-жартылай ишин токтоткон.

Демократтар чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү үчүн Трампка 1,3 миллиард доллар гана бөлүп берүүгө макул болушкан.

АКШ президенти Конгресстин макулдугусуз эле дубалды куруу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн өлкөдө өзгөчө абал киргизүү ыктымалдыгын четке каккан жок. Бүгүн Трамп Мексика менен болгон чек аранын Техас штатындагы бөлүгүнө барды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52